Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Аскердик контрабанда

АСКЕРДИК КОНТРАБАНДА – согушуп жаткан мамлекетке товарларды жана башка нерселерди берүүдөн чыккан эларалык мүнөздөгү кылмыш. Эларалык укук ченемдерине ылайык бейтарап өлкөлөр куралдуу кагылышуулардын учурунда согушуп жаткандарга эч кандай колдоо көрсөтпөөгө тийиш. Андай жол менен берилген объектердин баары А. к. катары эсептелет жана алар ташып келген каражаттары менен кошо тартылып алынууга жатат. Мамлекеттин ичинде кабыл алынган бажы жана кылмыш-жаза укуктарындагы контрабанда түшүнүгүнөн айырмалуу эларалык укукта пайдаланылуучу А. к. түшүнүгү согуш учурунда согушпаган мамлекеттин же анын жарандарынын ал мамлекеттин бейтарап статусуна карабастан, каршылаштарга апкелип берген нерселерди жана буюмдарды билдирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: